03.04.2026

Хан-Теңир айыл аймагынын тургундарына «Ала-Тоо Резорт» долбоорунун алкагындагы өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды

«Ала-Тоо Резорт» ААКы Айыл чарба министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, тиешелүү мекемелердин, мамлекеттик жана коммерциялык банктардын, ошондой эле ишкердикти өнүктүрүү фонддорунун өкүлдөрү менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңир айыл аймагынын тургундары менен көчмө жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда төрт мезгилдүү тоо кластеринин долбоорунун алкагында ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Ала-Тоо Резорт» долбоору мамлекеттик мааниге ээ экени жана аймактын өнүгүүсүнө негизги түрткү болоору белгиленди. Министрликтердин, банктардын жана фонддордун өкүлдөрү курорттун өнүгүшү менен байланышкан жергиликтүү тургундар үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришти.

Өзгөчө көңүл 7 миңден ашуун жумуш орундары түзүлөрүнө бурулду. Туристтердин агымы көбөйүп, натыйжада тамактануу, соода, транспорт жана кызмат көрсөтүү тармактарына суроо-талап өсөрү айтылды.

Ошондой эле мамлекет негизги инфраструктураны өнүктүрүүнү өзүнө алгандыгы белгиленди. Азыркы учурда Каракол шаарынан Жыргалаңга чейин заманбап төрт тилкелүү автожол курулуп жатат. Бул аймактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатат.

Жергиликтүү тургундар долбоорго чоң кызыгуу көрсөтүп, айрыкча жумуш менен камсыз болуу жана жашоо деңгээлин жогорулатуу маселелери боюнча суроолорду беришти. Белгиленгендей, «Ала-Тоо Резорт» долбоору бизнес ачуу жана аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.



артка