15.05.2026

15-майда «Ала-Тоо Резорт» ААКсы «Инжзащита» илимий-изилдөө долбоорлоо институту» ЖЧКсы менен лыжа трассаларын жана курорттун инфраструктурасын долбоорлоо боюнча келишим түздү

«Ала-Тоо Резорт» ААКсы Россиянын «Инжзащита» илимий-изилдөө долбоорлоо институту» ЖЧКсы менен Жыргалаңдагы келечектеги курорттун лыжа трассаларын жана инфраструктурасын куруу үчүн долбоордук документацияны иштеп чыгуу боюнча келишимге кол койду.

Келишимдин алкагында компания лыжа трассаларын, ошондой эле курорттун туристтик, инженердик жана эксплуатациялык инфраструктурасын куруу үчүн долбоордук-сметалык документацияны иштеп чыгат. Мындан тышкары, подрядчы долбоорду ишке ашыруу учурунда автордук көзөмөл жүргүзөт.

Долбоорлоо иштери эл аралык коопсуздук стандарттарын, заманбап инженердик чечимдерди жана дүйнөлүк деңгээлдеги лыжа инфраструктурасына коюлган талаптарды эске алуу менен жүргүзүлөт.

«Инжзащита» илимий-изилдөө долбоорлоо институту» ЖЧКсы — ири лыжа жана инфраструктуралык объекттерде тажрыйбасы бар адистешкен долбоорлоо компаниясы. Компания белгилүү тоо-лыжа курортторундагы объектилерди долбоорлоого жана инженердик коргоо иштерине катышкан. Алардын катарында Сочидеги «Красная Поляна» тоо-эс алуу курорту жана 2014-жылкы Кышкы Олимпиада оюндары өткөн «Роза Хутор», Алтайдагы «Манжерок» курорту, ошондой эле Россиядагы бир катар туристтик жана тоо инфраструктуралык объектилер бар.

Маалымат үчүн:

«Инжзащита» компаниясы 1999-жылы негизделген. Компания классикалык инженердик жана долбоорлоо түзүмүн сактоо менен бирге бийик тоолуу курулуш тармагындагы заманбап технологияларды жана алдыңкы иштеп чыгууларды ыкчам киргизип келет. Бүгүнкү күндө компания тармактагы лидерлердин бири болуп саналат.



артка