Түз эфир

08.12.2025

Кытайда ири отелдерди курган инвесторлор «Ала-Тоо Резорт» курортуна кызыгууда.

Коңшу мамлекеттен келген курулуш компаниялардын өкүлдөрү Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын башчысы Азамат Кадыралиев жана “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максутов менен биргеликте, курорт курула турган аймакты жеринен барып көрүштү.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун демилгеси, мамлекеттин колдоосу менен курулушу башталган Борбор Азияда ири курортко барчу жолдор салынып, ошондой эле асма аркан жолдун, таза суу объектилеринин курулушу да кызуу жүрүп жатканын көрүшкөн инвесторлор, алдыда боло турган “Жыргалаң” шаарчасы курулуп жаткан жер тилкелерине аукциондун экинчи этабына катышуу ниетин билдиришти.

Айта кетсек, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагына курулуп жаткан “Ала-Тоо Резорт” ири курорттук зонанын алгачкы этабында курула турган обьектилердин жер участокторуна аукциондун биринчи этабы июль айында өтүп, 14 лотту жергиликтүү инвесторлор уткан эле. Экинчии этабы жакынкы күндөрү жарыяланып, дагы 35 лот аукционго чыгарылат. 3-4-5 жылдыздуу мейманканалар, апартаменттер жана VIP-котедждер, этно шаарча, ресторандар, кафелер жана башка коммерциялык обьектилер курула турган жер участоктору коюлган аукциондон чет элдик жаран ута турган болсо анда 49 жылга ижарага берилет.

Ал эми жергиликтүү инвесторлор утушка ээ болсо аларга жеке менчикке өткөрүлүп берилет. Аукцион ачык жана онлайн режимде болот. Ага жергиликтүү жана чет элдик инвесторлор, курулуш компаниянын өкүлдөрү, туризм жана мейманкана тармагынын ишкерлери, мамлекеттик сатып алууларга катышууну каалаган тараптар ж.б. юридикалык жана физикалык жактар катыша алышат.



артка

Билдирүү жөнөтүү