Түз эфир

16.10.2025

«Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максутов австриялык SKIDATA компаниясынын вице-президенти Жеймс Тоал менен жолугушту.

Автоматташтырылган кирүү жана төлөм системаларын иштеп чыгууга жана жабдууга адистешкен чет элдик компания дүйнө жүзү боюнча соода борборлоруна, аэропортторго, ооруканаларга, эс алуу жайларына жана унаа токтотуучу жайларга турникеттерди жана билеттерди көзөмөлдөө системаларын орнотот.

Жеймс Тоал «Жыргалаң», «Ак-Булак» жана «Боз-Учук» негизги курортторун камтыган долбоордун инфраструктурасы менен таанышып, компаниянын курорттун бардык объекттерине кирүү жана көзөмөлдөө системасын орнотууга кызыкдар экендигин билдирди.

Ошол эле учурда, «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы автоматташтырылган кирүү жана төлөм системаларын иштеп чыгуу багытында башка дүйнөлүк компаниялардын тажрыйбасын жана технологияларын изилдөөнү улантат.



артка

Билдирүү жөнөтүү