07.07.2025
«Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа курортуна жабдуулар келип түшүп, асма жолдун курулушу башталды.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагында жайгашкан «Ала-Тоо Резорт» комплексинде асма жолдун курулушу башталды, ал жерге керектүү жабдуулар жана шаймандар жеткирилди. Учурда инженерлер асма жол курула турган зоналарга техникалык жолдорду салууда. **Түркүктөрдүн пайдубалын куюу** иштери башталды. Калган жабдуулар адистештирилген заводдон этап-этабы менен жеткирилет.
Буга чейин Борбордук Азияда теңдеши жок, асма жолдорду долбоорлоодо жана курууда дүйнөлүк лидер катары таанылган **ири австриялык компания** менен келишимге кол коюлгандыгын белгилей кетүү керек.
Эскерте кетсек, курулуп жаткан жолдун жалпы узундугу **4 км** түзүп, **2 бөлүктөн** турат. Биринчи бөлүгү **1 км 730 метр** узундукта болуп, **12 түркүктөн** жана **2 станциядан** турат, экинчи бөлүгү **2 км 250 метрди** түзүп, **14 түркүктү** жана **2 станцияны** камтыйт.
артка