02.12.2025
“Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы Австриялык SkiMIS компаниясы менен кызмат көрсөтүү келишимине кол койду.
“Ала-Тоo Резорт” мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максутов менен тоо-лыжа курортунун долбооруна консалтинг кызматтарын көрсөтүү келишимине кол койгон Маттиас Шмид - Альп тоолорунда, Скандинавияда, Жаңы Зеландияда жана Чыгыш Европадагы алдыңкы тоо-лыжа курортторун башкарууда жана иштетүүдө 20 жылдан ашык тажрыйбага ээ болгон SkiMIS компаниясынын директору.
Заманбап кышкы туристтик дестинацияларды өнүктүрүү жана натыйжалуу иштетүү үчүн жеке консалтинг кызматтарын аткарып келген компания эми бир жыл бою Борбор Азиядагы ири курортто трассалардын, подъёмниктердин, кар жабдуу системаларынын, кар тазалоо, кар көчкү коркунучун көзөмөлдөө жана лыжа мектеби, кирүү-чыгуу системалары сыяктуу зарыл болгон бардык курулуш кызматтарды уюштурат.
Ошондой эле курорттун архитектуралык, техникалык, операциялык жактарын биргелешип пландап, оптималдаштырууга жардам берет. Компания тажрыйбалуу жана эл аралык стандарттарга ылайык иштегендиктен “Ала-Тоо Резорт” жаңы курортун профессионалдуу туристтик объектке айландырууга мүмкүн болот. Мамлекет жана мамлекет башчысы Садыр Жапаров колдоого алган “Ала-Тоo Резорт” тоо-лыжа курортунун долбоорунун алкагында SkiMIS концептуалдык долбоорлоо, операциялык пландаштыруу жана чечимдерди ишке ашыруу боюнча кеңири экспертизасын практикалык, көз карандысыз жана натыйжага багытталган форматта берет.
Компания салттуу кеңешчи катары эле эмес, эл аралык стандарттарга дал келген курортту курууга бардык керектүү жардамды берүүдөн баштап, күнүмдүк ишмердүүлүктөгү процесстердин, системалардын жана структуралардын эффективдүү иштөөсүн камсыздайт. Мындай жагдай эл аралык алдыңкы тажрыйбаларды колдонуу менен туруктуу, экономикалык жактан ийгиликтүү жана толук кандуу иштөөгө даяр тоо-лыжа курортун түзүүгө өбөлгө түзөт.
артка